Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан «Samsung» маркасындагы чөнтөк телефондорун кармады. Товардын наркы 2 млн. 885 миң сом деп бааланган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
ЕАЭБдин аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, 16-сентябрь күнү Ош шаарында «Lexus GX460» үлгүсүндөгү машинаны айдап бараткан Т.Н. аттуу жаран кармалган.
Машиненин салонун текшерген учурда тиешелүү документтери жок болгон 230 чөнтөк телефон табылган.
Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тийиштүү мекемеге өткөрүлүп берилди. (КЕ)