Чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү оңой болгон жок. Бул тууралуу бүгүн парламентте Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал 16-сентябрда өздүк курам ар кайсы жерде болгонуна байланыштуу атышуу 1,5 сааттай созулуп кеткенин айтты. Шаршеев эки тараптуу сүйлөшүү эки күнгө созулганын жана анда бир топ талаш-тартыш болуп, дооматтар коюлганын кошумчалады:
- Ар бир тарап өзүнүн дооматтарын, талаптарын койду. Талаштар көп болду. Бирок бул маселе чечилди деп айтсак болот. Негизги максат - абалды жөнгө салуу болуп, 14-сентябрга чейинки абалга кайтуу боюнча эки тараптуу чечимге келдик. Талаш болуп жаткан жерде бизде Максат айылында, тажик тараптан Овчу-Калачада биргелешип күзөт жүргүзүү, кимден күнөө кетсе чара көрүү макулдашылды.
Шаршеевдин айтымында, эки тарап ынтымакты бекемдөө боюнча массалык спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча токтомго кол коюшту.
Буга чейин өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров тажик тарап курулуш иштерин токтотуп, аны бузууга макул болгонун айткан. Мындан сырткары эки тараптын чек ара аскерлери штаттык режимде иштөөгө өтүшкөн.
16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган.
Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.
Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.
Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.
Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тажик тарап талаштуу жердеги курулушун токтотуп, демоктаж кылууга макул болгон. Чек ара аймагынан аскерлерди чыгаруу макулдашылган. (КЕ)