Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:06

Майып балдардын энелери жеңилдетилген үй берүүнү талап кылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына тынч митингге чыгышты. 25тей эне жеңилдетилген ипотекага үй берүү тууралуу талапты бийликке жеткириш үчүн чогулган. Биринчи май райондук сотунун 31-сентябрга чейин аталган жайда чогулууга тыюу салган чечиминен улам аларга митинг өткөрүүгө уруксат берилген жок. Алардын талабын Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын өкүлдөрү чыгып угуп, алардын үнүн жетекчилерге жеткирүүгө убада беришти.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 30 миңден ашуун майып бала бар. Алар ай сайын төрт миң сомдон жөлөк пул алышат.

Өкмөт «Арзан турак жай – 2015-2020» программасынын негизинде үстөгү 7-11% пайыз, төлөө мөөнөтү 15 жылга чейинки ипотека берүүчү компания түзгөн. Муну бюджеттик кызматкерлер жана башка жарандар ала алары айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG