Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Ооган аскерлеринин аба соккусунан 30дай адам ажал тапты


Ооганстанда 19-сентябрдагы кандуу окуяларда бери дегенде 50дөй адам өлдү.
Ооганстанда 19-сентябрдагы кандуу окуяларда бери дегенде 50дөй адам өлдү.

Ооганстанда АКШ колдогон өкмөттүк аскерлердин аба соккусунан 30дай жайкын тургун ажал таап, дагы 40тай киши жарадар болду. Бийлик өкүлдөрү анда «Ислам мамлекети» террорчул уюмунун жоочулары жашынган жайлар бутага алынганын, бирок кокусунан соккуга талаада иштеп жүргөн дыйкандар кабылып калганын ырасташты.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги ондогон жайкын тургундун өлүмү менен аяктаган аба соккусу тууралуу маалыматты бышыктаганы менен кандайдыр маалымат берүүдөн баш тартты. АКШнын Куралдуу күчтөрү да окуя тууралуу азырынча үн ката элек.

Мунун алдында өлкөнүн түштүгүндөгү Забул провинциясында машинеге катылган бомба жарылып, 20дай адам өлгөн жана 100дөй киши жарадар болгон. Бул соккунун жоопкерчилигин «Талибан» кыймылы мойнуна алган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы бул өлкөдөгү жагдай тууралуу 30-июлда соңку баяндамасын жарыялаган. Анда адам өлүмү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 27 пайызга аз катталганын белгилеген. 2018-жылы мындай көрсөткүч эң жогорку чекке жеткен эле.

БУУ адам өлүмү азайганын кубаттаганы менен согуштун жай тургундарга тийгизген кесепети дагы эле чоң экенине өкүнүчүн билдирген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG