Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Абдрахманов: КСДПнын документтери менен мөөрү табылбай жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) документи жана мөөрү табылбай жатат. Бул туурасында «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жетекчиси жана ал партиянын башка бөлүгүнө төрагалык кылган Сагынбек Абдрахманов «Азаттыкка» кабарлады.

- Биз 3-апрелде партиянын 18-курултайын өткөргөн соң «мен төрага болуп шайлангандан кийин мөөрдү жана күбөлүктү кайтарып бериңиз» деп Алмазбек Атамбаевге кайрылганбыз. Кийин Юстиция министрлигинен каттодон өткөндөн кийин да кайтарган жок. Августтагы окуядан кийин «Форумдагы» имараты жабылып, документтер алынган. Ошондо да партиянын мөөрү менен күбөлүгү эч жерде жок болуп жатат. Эгер табылбаса Жогорку соттун чечиминен кийин жаңы мөөр, күбөлүк жасатабыз.

Абдрахманов буга чейин КСДПнын бардык мүлкүн, партиянын мөөрүн жана штамптарды берүүнү талап кылган. Андан тышкары партиянын банктардагы каражатын, уставын бериш керек экенин белгилеген.

КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министрин кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан.

Абдрахманов жетектеген КСДПнын саясий кеңеши 8-сентябрда жыйынга чогулуп, Кой-Таштагы окуяларга катышкан партиянын айрым мүчөлөрүн катардан чыгарган. Алардын арасында ЖК депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Карамат Орозова, Мурадыл Мадеминов, Анвар Артыков жана экс-депутат Мээрбек Мискенбаев бар.

Депутат Анвар Артыков муну саясий шоу деп атаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG