Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына жолдомо алды


Айсулуу Тыныбекова манен Юлия Ткач Остапчук. 19-сентябрь, 2019-жыл.
Айсулуу Тыныбекова манен Юлия Ткач Остапчук. 19-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыгып, жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды. Тыныбекова 19-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.

Алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңди. 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. Бул жеңиши менен Айсулуу Тыныбекова жарым финалдык таймашта күч сынашууга жолдомо гана албастан, 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды. Азырынча Тыныбекованын жарым финалдагы атаандашы белгисиз.

Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып, 5-орунду алган. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2017-жыл). Азиянын үч жолку чемпиону.

Кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан төрт балбан кыз барды. 18-сентябрда Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова килемге чыгып, мелдешти байгесиз жыйынтыкташты. 17-сентябрда 55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Мадина Надирова да мелдештен четтеген. Мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат.

Бул чемпионатта 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына катышууга укук берген жолдомолор ойнотулууда. Тактап айтканда грек-рим күрөшү (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг), эркин күрөш (57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн (50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг) алты салмак категориясы боюнча алдыңкы беш орунду ээлегендерге жолдомо берилет. (ECh/GT).

XS
SM
MD
LG