Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:18

Баткен: Максаттагы мектепте окуу жанданды


Максат айылындагы мектептин имараты.

Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыккан Лейлек районунун Максат айылындагы орто мектепте окуу процесси жанданды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусунун өкүлчүлүгү кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, Максат айылынын 16-сентябрда ок атуу учурунда чыгып кеткен 120дан ашык тургуну өз үйлөрүнө кайтып барды.

Окуя учурунда мектептин имаратына гранатомёт зыян келтирген эле. Учурда окуучулар үчүн билим алууга шарт түзүлдү.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган.

Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тажик тарап талаштуу жердеги курулушун токтотуп, демонтаж кылууга макул болгон. Чек ара аймагынан аскерлерди чыгаруу макулдашылган. (JsA/BkA)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG