Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

БУУда Сирияда ок атуу боюнча резолюция кабыл алынган жок


Сирия, 5-март, 2019-жыл.
Сирия, 5-март, 2019-жыл.

Сириядагы Идлиб провинциясында ок атууну токтотуу боюнча эки резолюция Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган жок. Орусия жана Кытай көпчүлүк Батыш өлкөлөрү сунуш кылган резолюцияга вето коюшту. Ага чейин аны Коопсуздук кеңешиндеги 15 өлкөнүн 12си колдогон эле. Бул Орусиянын Сирияда жарандык согуш башталганы ок атууну токтотуу боюнча резолюцияга он үчүнчү жолу вето коюшу болду.

Резолюцияны сунуш кылган Германия, Белгия жана Кувейт документ «гуманитардык гана максатты көздөй турганын» белгилеп, расмий Москваны ушул документти колдоого чакырган эле. Ага ылайык, Идлибдеги ансыз да курчуп турган гуманитардык абалды начарлатпаш үчүн 21-сентябрдан тартып бардык тараптардын ок атууну токтотушу каралган.

Резолюциядагы негизинен «бардык контртеррористтик операциялар жайкын тургундарды коргош үчүн эл аралык гуманитардык укукка шайкеш келиши керек» деген талап коюлган болчу.

Орусия болсо террорчул топторго каршы операцияларды жүргүзө берүүнү сунуш кылган.

Орусиянын бул сунушу Коопсуздук кеңешинин мүчө болгон 15 өлкөдөн тогузу каршы чыгып, төрт мамлекет добуш берген жок.

XS
SM
MD
LG