Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Сооронкулова Кой-Таш окуясы боюнча комиссиядан чыгышы мүмкүн


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Конституциялык палатынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынына катыша элек. Ал «Азаттыкка» буга чейин аны эч ким жыйынга чакырбаганын билдирди:

- Бүгүн чалып, менин телефонумду таппай жатышканын айтышты. Комиссиянын иши 26-сентябрда бүтөт экен. Ошого чейин мен болгон документтер менен таанышып чыгышым керек экен. Мага аны окуп, карап, талдап, изилдеп чыкканга мүмкүнчүлүк түзүп беришсе мен катышышым мүмкүн. Эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо комиссиянын курамынан чыгам. Азырынча белгисиз.

Комиссиянын төрагасынын орун басары Бактыбек Райымкулов Сооронкуловага маалымат берилгенин, ал эки отурумга катышпаганын айтты. Анын айтымында, 26-сентябрга чейин дагы үч отурум болот. Эгер тийиштүү тараптан маалымат алууга жетишпесе комиссия мөөнөтүн узартышы ыктымал.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана Бишкек шаардык «Тез жардам» бекетинин мурдагы жетекчиси Жаркынбек Касымбеков Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына 13-сентябрда киргизилген.

Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, жаңы мүчөлөр премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругунун негизинде кошулган.

Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, жаңы мүчөлөр премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругунун негизинде кошулган.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук саясий ишмерлер, эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG