Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

УКО: Чүй - Ош командалары көк бөрү боюнча мелдештин финалында беттешет (видео)


Талас облусу менен Чүй облусунун көк бөрү командалары Улуттук көчмөндөр оюндарынын жарым финалдык беттешинде. 20-сентябрь, 2019-жыл. Талас шаары.
Талас облусу менен Чүй облусунун көк бөрү командалары Улуттук көчмөндөр оюндарынын жарым финалдык беттешинде. 20-сентябрь, 2019-жыл. Талас шаары.

Ушул күндөрү Талас облусунда өтүп жаткан биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдеште финалга чыккан командалар аныкталды. 20-сентябрда Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданда болгон жарым финалдык беттештерде Чүй облусу менен Талас облусунун командасы ойноп, 5:2 эсебинде чүйлүк улакчылар жеңишке жетти.

Дагы бир жарым финалдык беттеште Ош облусу менен Бишкек шаарынын көк бөрү командалары финалга чыгыш үчүн таймашып, 8:5 эсебинде Ош облусунун командасы алдыга чыкты.

Көк бөрү боюнча оюндар 16-сентябрда башталган. Тогуз команда үч тайпага бөлүнүп ойноду. Финалдык беттеш 21-сентябрда болот. Баш байге үчүн ат салыша турган Чүй - Ош командаларынын оюну саат 10:30да башталат. Ага чейин саат 9:00дө Талас облусу менен Бишкек шаарынын командалары биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын коло байгеси үчүн беттешет.

Бул күнү көк бөрү оюнунан сырткары ат чабыш, ордо жана тогуз коргоол боюнча да финалдык оюндар болот.

Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрда башталган. Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданда жана «Газпром» спорт комплексинде спорттун 10 түрүнөн мелдештер болуп жатат. Спорттук мелдештерден сырткары башка маданий иш-чаралар «Манас-Ордо» комплексинде өтүүдө. (ECh/SDz).

XS
SM
MD
LG