Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев иштен алынды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Сагымбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-кызматында иштечү. Жактоочунун жазганына караганда, жан сакчынын иштен алынганына Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаган видео ролик себеп болгон.
«9-кызматтын ички жоболоруна ылайык, кызматкерлерге коомчулукка видео кайрылуу жасоого, журналисттерге комментарий берүүгө тыюу салынат. Бирок видео аркылуу кимдир бирөөнү куттуктоого тыюу салынбайт», - деп жазган Жоошев.
УКМК бул боюнча азырынча комментарий бере элек.
7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.
Ушул окуялардан кийин Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев Аскер прокуратурасына күбө катары сурак берип чыккан. (КЕ)