Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:48

Якутиялык бакшы психоневрологиялык диспансерге жеткирилди


Якутиялык бакшы Александр Габышев.

Орусиянын президенти Владимир Путинди «бийликтен кууп кетирем» деген бакшы Александр Габышев Якутиядагы психоневрологиялык диспансерге жеткирилди. Орусиянын курамындагы бул республиканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, диспансерде Габышев психиатриялык текшерүүдөн өтөт.

«Эгер бейтапта паталогия аныкталса, ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүүгө даярбыз», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Жыл башында Якутиядан Москваны көздөй жолго жөө чыккан бакшы 19-сентябрга караган түнү Бурятияда кармалган эле. Бирок анын бир нече тарапкери бакшынын жолун жолдоп, Москвага чейин жөө бара турганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG