Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 11:18

Климаттын өзгөрүшүнө чара көрүүгө чакырган акцияга Бишкекте уруксат берилген жок


Бишкек.

Бишкекте климаттын өзгөрүшүнө чара көрүүгө чакырган акция-жүрүшкө уруксат берилген жок. Бул тууралуу уюштуруучулар “Твиттердеги” баракчасына жазышты. Калаа мэриясы Биринчи май райондук сотунун 30-сентябрга чейин шаардын борбордук бөлүгүнө чогулууга, митингдин бардык түрүн өткөрүүгө тыюу салган чечимин жүйө келтирип жатат. Уюштуруучуларга акцияны шаардын башка бөлүгүндө өткөрүү сунуш кылынган.

Бүгүн дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө экологияны коргоо максатында, климаттын өзгөрүшүнө чара көрүүгө чакырган акциялар өтүп жатат. Бул климатты сактоо жумалыгынын алкагында уюштурулууда. Жумалык 20-27-сентябрь күндөрү өтөт. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG