Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:09

АКШда баш калкалап жүргөн пакистандык укук коргоочу күрөшө берерин билдирди


Цензурага каршы чыккан журналисттер. Пакистан, Пешавар. 16-июль, 2019-жыл.
Цензурага каршы чыккан журналисттер. Пакистан, Пешавар. 16-июль, 2019-жыл.

Бир нече ай мурун АКШга качып келген укук коргоочу Гүлалай Исмаил Пакистанда демократия орнотуш үчүн күрөшүн токтотпосун билдирди. 

- Мен күрөштү андан ары улантыш үчүн качып келгенмин. 15 жылдан бери элимдин укугу үчүн күрөшүп жүрөм, мен аны улантам, - деди Исмаил «Машаал» радиосуна. 

Исмаил өткөн жылы августта Пакистанда митингге катышкандан кийин «мамлекетке каршы ишмердүүлүк кылган» деп куугунтукталган. Ал Нью-Йоркко келип, качкын макамын сураган. Укук коргоочу өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн, досторунун коопсуздугунан кабатыр болуп жатканын айтты. 

Исмаил АКШга Шри-Ланка аркылуу келген. Бул өлкө менен Пакистан визасыз режимде. 

 

XS
SM
MD
LG