Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Казакстандын Башкы прокуратурасы «мыйзамсыз митингдерге» катышпоого чакырды


Нур-Султан жана Алматы шаарларында бийликке каршы чыккан нааразылык акцияларында 600дөн ашуун адам кармалган. 6-июль, 2019-жыл.
Нур-Султан жана Алматы шаарларында бийликке каршы чыккан нааразылык акцияларында 600дөн ашуун адам кармалган. 6-июль, 2019-жыл.

Башкы көзөмөл органы «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын 21-сентябрга белгиленген мыйзамсыз митингине катышпоого үндөдү. Башкы прокурордун орун басары Берик Асыловдун мамлекеттик маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүүсүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына эскертүү берилип, тартип коргоо органдары «мыйзамсыз митингдердин алдын алуу үчүн катаал чараларды көрөрү» айтылган. Ошондой эле мындай акциялардын катышуучулары тиешелүү жоопко тартылары белгиленген.

«Бузуку күчтөр социалдык жана улут аралык жиктөөгө аракет кылып, социалдык камсыздоого коркунуч келтирип жатышат. Башкы прокуратура элди мыйзамдарды сактоого, чагымчылыкка алдырбоого жана өлкөдө тыюу салынган уюмдардын мыйзамсыз акцияларына катышуудан алыс болууга чакырат»​, деп айтылган билдирүүдө.

«Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын жетекчиси, бозгундагы банкир Мухтар Аблязов элди 21-сентябрда Нур-Султан жана Алматы шаарларында өкмөткө жана бийликке каршы акцияларды өткөрүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG