Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Павел Устинов үй камагына чыгарылды


Москвада президенттик администрациянын алдында Павел Устиновду колдогон акция. 18-сентябрь, 2019-жыл.
Москвада президенттик администрациянын алдында Павел Устиновду колдогон акция. 18-сентябрь, 2019-жыл.

Москва шаардык соту оппозициянын акциясына катышканы үчүн соттолгон Павел Устиновду үй камагына чыгарды. Анын бөгөт чарасын жумшартууну актёрдун адвокатынын өтүнүчү менен прокуратура соттон сураган.

Москвадагы Тверь райондук соту 16-сентябрда Устиновду 3,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал 3-августта, Москвада таза шайлоого чакырган митинг өтүп жаткан аймакка жакын жерде камакка алынган. Устиновго «аны кармоо учурунда Улуттук гвардиянын жоокерине кол салган, денесине залал келтирген» деген айып коюлган. Устинов болсо акцияга катышпаганын, болгону ошол учурда метронун жанында досун күтүп турганын билдирген.

Москвада 18-сентябрда Устиновду колдогон акция өткөн. Президенттик администрациянын алдына чогулган жүздөй адам актёрду бошотууну талап кылган плакатты ар бири бир мүнөттөн, улам кезектешип көтөрүп турган.

Орусиядагы бир катар белгилүү өнөрпоздор дагы камактагы актёрду колдогон онлайн-флешмоб өткөргөн.

XS
SM
MD
LG