Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:11

Жергиликтүү кеңешке талапкерлер аялдарга берилген квотага каршы


Саясаттагы аялдар тууралуу ар кандай стереотиптер бар. Иллюстративдик сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын, Алдашев айылдык кеңешине талапкерлерлер “Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы бийлик бутактарына кайрылуу жасашты. 70ке чукул талапкердин колу коюлган кат президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Анда “жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун” деген өзгөрүүгө макул эмес экендиктерин билдиришкен.

“Бир шайлоо округунан үчтөн аял добушка ээ болбосо дагы тоскоолдуксуз депутат болушу, биздин жарандык, жигиттик укугубузду эске албаганы, ошондой эле аялдын жана эркектин ортосунда жаңжал чыгышына алып келүүдө. Шайлоо учурунда элдин ишеними артылып 250 добуш алган эркек киши өтпөстөн, беш добуш алган аял киши депутаттыкка өтүп кеткен учур, элдин мамлекетке жана мыйзамдарына ишеним кете баштарын эскертип кетебиз”, - деп жазылган кайрылууда. Кол койгондордун дээрлик бардыгы эркек талапкерлер.

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүүдө эрежелерди аныктаган мыйзамдар топтомуна Сооронбай Жээнбеков 13-августта кол койгон. Аны ушул жылдын 27-июнунда, тагыраагы каникулга кетер алдында Жогорку Кеңеш тобу менен кабыл алган эле.

Кыргызстандын президентин, Жогорку Кеңешин, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Ош шаары менен Бишкек шаарынын макамы боюнча жалпысынан жети мыйзамга өзгөртүүлөрдү камтыган топтомду президентке караштуу жумушчу топ депутаттар менен бирге иштеп чыккан болчу.

Бул мыйзамдар топтомундагы эң башкы өзгөрүү катары «мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген жобону айтсак болот.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов квота маселеси Жогорку Кеңештин, шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо колдонулуп келатканын белгиледи.

-Мыйзам кабыл алынды, президент кол коюп, ал күчүнө кирди. Биз мыйзам ченем, талаптарын аткарышыбыз керек. Бир топ талапкерлердин кайрылуусу бизге келди. Бул деле жөн жеринен эмес. Азыр жергиликтүү кеңештердин 10 пайыздайын гана аялдар түзөт. Айрым айылдык кеңештерде такыр эле аялзаты жок болуп калган, ошондуктан мыйзам чыгаруучулар ушундай мыйзам киргизди. Биз аны туура эмес дебей, аткарышыбыз керек. Аялзатынын жергиликтүү кеңештерде болушу ишибиздин алдыга жылышына, жергиликтүү маанидеги маселелердин сапаттуу чечилишине эле түрткү болот.

Буга чейин БУУнун Өнүктүрүү программасы чечим кабыл алуу органдарындагы аялдардын санын жарыялаган. 2019-жылдын 8-мартындагы көрсөткүчкө караганда Жогорку Кеңеште 19 аял депутат бар. (15,8%). Өкмөттүн 16 министрлигинин экөөнү аял министр башкарат (12,5%). Жергиликтүү кеңештердин курамынын 11% аялдар түзөт. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG