Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Жалал-Абадда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чара өттү


Жалал-Абадда өткөн иш-чара.
Жалал-Абадда өткөн иш-чара.

Шаардын борбордук аянтында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытында атайын иш-чара уюштурулду. Анын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу темасында жөө жүрүшкө катышкан жаштар арасында чатыр тигүү боюнча мелдеш уюштурулду.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары өрт өчүрүү ыкмаларын үйрөтүп, жабырлануучуларды эвакуациялоо жана жабыркагандарга алгачкы жардам берүүнүн жолдорун көрсөтүштү.

«Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө» карата жарыяланган бир айлыктын алкагында уюштурулган иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн орун басары Мамасалы Такабаев жана миңге чукул шаардыктар катышты.

5-октябрь жыл сайын Кыргызстанда «Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү» катары үч жылдан бери белгиленип келет. (RsK)

XS
SM
MD
LG