Райондун 1-май айыл аймагында коомдук бюджеттик талкуулар алгачкы ирет санариптик негизде өтүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" айыл өкмөт башчысы Муктар Шербаев билдирди.
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында буга чейин жер-жерлердеги мекеме, ишканаларда, мектептерде чакан талкуулар уюштурулду. Мындан сырткары онлайн конференциялар өтүп, социалдык тармактардагы атайын группалар аркылуу чет жакта иштеп жүргөн мигранттардын сунуш-пикирлери да эске алынууда. Айылдык "Кабарнаама" бюллетени чыгарылып, коомчулукка таратылган.
"Электрондук ыкмада бюджеттик талкуу өткөрүү бизде алгач ирет ишке ашууда", - деди Шербаев.
23-сентябрда жалпы айыл аймактык деңгээлде коомдук бюджеттик талкуу өтөт. Коомдук талкуунун максаты - жалпы айылдыктардын сунушун, пикирин эске алуу менен бюджеттин аткарылышынын ачыктыгын камсыздоо.
1-май айыл өкмөтү Өзбекстандын эки району менен чектеш аймакта жайгашкан. Сегиз айылдагы 3039 кожолукта 14 миңден ашык калк жашайт жана облус борборунан 260 чакырым алыстыкта жайгашкан. 63 пайызы дотацияда турган чек арадагы айыл өкмөтүнүн жылдык бюджети 19 млн. сомду түзөт. (RsK)