Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

УКО: Чүйдүн көкбөрү командасы 1-орунду алды (видео)


Чүй облусунун көкбөрү командасы Улуттук көчмөндөр оюндарында. 20-сентябрь, 2019-жыл. Талас облусу.
Чүй облусунун көкбөрү командасы Улуттук көчмөндөр оюндарында. 20-сентябрь, 2019-жыл. Талас облусу.

Ушул күндөрү Талас облусунда өтүп жаткан биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарында Чүйдүн командасы көкбөрү боюнча мелдеште биринчи орунду алды.

Алар финалдык оюнда Ош облусунун улакчылары менен таймашып, 14:1 эсебинде жеңип алды. Бул мелдеште 3-орунду Талас облусунун командасы алды. Таластын командасы Бишкек шаарынын көкбөрүчүлөрү менен таймашып, 11:2 эсебинде жеңди.

Көкбөрү боюнча оюндар 16-сентябрда башталган. Тогуз команда үч тайпага бөлүнүп ойноду.

УКО. Көкбөрү. 3-орун. Талас - Бишкек 11:2 / Финал. Чүй - Ош (14:1)

Бул күнү көкбөрү оюнунан сырткары ат чабыш, ордо жана тогуз коргоол боюнча да финалдык оюндар болот.
16-сентябрда башталган биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары бүгүн жыйынтыкталат. Оюндар Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданда жана «Газпром» спорт комплексинде спорттун 10 түрүнөн мелдештер болуп жатат.
Спорттук мелдештерден сырткары башка маданий иш-чаралар «Манас-Ордо» комплексинде өтүүдө. (BTo/SDz)

XS
SM
MD
LG