Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

АКШ Саудияга жана БАЭге кошумча аскер жиберет


АКШнын коргоо министри Марк Эспер. 26-июнь, 2019-жыл.
АКШнын коргоо министри Марк Эспер. 26-июнь, 2019-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Сауд Арабиясына жана Бириккен Араб Эмираттарындагы америкалык аскерлерге кошумча күч жиберүүнү туура көрдү. Мындай чечим Саудиядагы мунай заводдоруна жасалган чабуулдан кийин кабыл алынды.

20-сентябрда Пентагон чөлкөмгө кайсы бөлүктүн аскерлерин жиберилери аныктала электигин билдирди. Коргоо министри Марк Эспер бул кадам саудиялыктардын суранычы менен алардын абадан коргонуу аракеттерин бекемдөө максатында кабыл алынганын айтты. Вашингтон Тегеран менен жаңжалга барууну көздөбөсүн, бирок ар кандай кырдаалга даяр экенин кошумчалады.

Июль айында АКШ Оман булуңундагы мунай танкерлерине жасалган кол салуудан кийин Сауд Арабиясына 500 аскерин жөнөтөрүн билдирген.

Сауд Арабиясындагы эки мунай заводуна 14-сентябрда дрондун жардамы менен чабуул коюлган. Анын айынан дүйнөдөгү кара майдын 10 пайызын өндүргөн Сауд Арабиясы мунай иштеп чыгууну эки эсе азайтууга мажбур болгон.

Заводдорго коюлган чабуул үчүн жоопкерчиликти Иран колдогон Йемендеги хусит козголоңчулары алган. Бирок Вашингтон да, Эр-Рияд да «ал кол салуунун артында турат» деп Иранды күнөөлөп жатат. Тегеран өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып келет.

Өлкө бийлиги Иранга карата кандай гана кол салуу болбосун, сөзсүз жооп болорун эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG