Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:36

АКШ: Сауд Арабиясы өзүн коргоого укуктуу


Мамлекеттик катчы Майк Помпео жана Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммедом ибн Салман. 18-сентябрь, 2019-жыл
Мамлекеттик катчы Майк Помпео жана Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммедом ибн Салман. 18-сентябрь, 2019-жыл

Кошмо Штаттар Сауд Арабиясы өзүн өзү коргоого укуктуу деп эсептейт. Бул тууралуу мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы менен жолуккандан кийин билдирди. Ал Саудиядагы эки мунай заводдуна дрон аркылуу коюлган чабуулду «согуш актысы» деп атап, Иранды күнөөлөдү.

Ал арада АКШ президенти Иранга чара көрүүнүн бир канча жолу каралып жатканын айтты.

Иран болсо анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, ага каршы аракеттин баарына жооп боло турганын эскертүүдө.

«АКШ Сауд Арабиясын жана анын өзү өзүн коргоо укугун колдойт. Ирандын коркунуч жараткан жүрүм-турумуна жол берилбеши керек», - деп жазды Майк Помпео Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммедом ибн Салман менен жолуккандан кийин «Твиттерге».

Майк Помпео Сауд Арабиясына өлкө лидерлери менен мунай заводдоруна урулган соккунун чоо-жайын жана Ирандын чөлкөмдөгү агрессиясына каршы туруу маселесин талкуулаганы келген.

Сауд Арабиясындагы эки мунай заводуна 14-сентябрда дрондун жардамы менен чабуул коюлган. Анын айынан дүйнөдөгү кара майдын 10 пайызын өндүргөн Сауд Арабиясы мунай иштеп чыгууну эки эсе азайтууга мажбур болгон.

Заводдорго коюлган чабуул үчүн жоопкерчиликти Иран колдогон Йемендеги хусит козголоңчулары алган. Бирок Вашингтон да, Эр-Рияд да «ал кол салуунун артында турат» деп Иранды күнөөлөп жатышат.

Сауд Арабиясы 18-сентябрда чабуулда колдонулганы кеп болгон учкучсуз аппарат-дрондорду жана ракеталарды, алардын сыныктарын көрсөттү. Коргоо министрлигинин өкүлү Турки ал-Маликинин айтымында, чабуулда 18 учкучсуз аппарат, канаттуу жети ракета колдонулган. Анын ичинде Иранда жасалган «Delta Wing» дрону, «Я-Али» ракетасы да бар.

Эр-Рияддын көз карашында, бул сыяктуу ракеталарды Ирандын тандамал аскер бөлүгү болуп саналган Революциялык сакчылар корпусу колдонот.

Коргоо министрлигинин өкүлү Турки ал-Малики дрондорду көрсөтүп жатат.
Коргоо министрлигинин өкүлү Турки ал-Малики дрондорду көрсөтүп жатат.

«Чабуул түндүктөн коюлган жана муну Иран каржылаганында эч күмөн жок. Сиздердин алдыңыздарда турган далилдер муну талашсыз көрсөтүп турат», - деди Турки ал-Малики.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео болсо Йемендеги хусит козголоңчуларында Сауд Арабиясындагы мунай кендерине кол салууда колдонулган дрондор жок деген ойдо.

Ал эми президент Дональд Трамп Иранга жооп иретинде чара көрүүнүн бир канча жолдору, анын ичинде согуш аракети да каралып жатканын билдирди.

«Өзүңүздөр билгендей, бир канча вариант бар. Көп жолдор бар. Акыркы вариант, андан жумшагырак да варианттар бар. Көрөбүз, кандай болот. Биз азыр абдан күчтүү позициядабыз», - деди Трамп журналисттерге.

Тегеран болсо өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып келе жатат.

Өлкө бийлиги Иранга карата кандай гана кол салуу болбосун, сөзсүз жооп болот деп эскертүүдө.

Эр-Рияддын «чабуулду Иран каржылаган» деген жарыясынан кийин президент Хасан Роуханинин кеңешчиси Хусамеддин Ашена бул тууралуу пикирин ортого салды.

«Басма сөз жыйыны Сауд Арабиясы ракеталар жана дрондор кайдан учурулганын билбей тургандыгын көрсөттү. Ошондой эле алар эмне үчүн коргонуу системасы чабуулга жооп бере албаганын түшүндүрө алган жок», деп жазды Ашена «Твиттерге».

18-сентябрда Ирандын президенти Хасан Роухани мунай кенине болгон чабуул Сауд Арабиясынын Йемендеги согушка аралашуусуна эскертүү экенин айткан.

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

«Йемендеги хуситтер ооруканага, мектептерге сокку урган жок. Алар Санадагы базарга сокку урган жок. Алар силерге эскертүү бериш үчүн өндүрүш аймагына сокку урду. Бул эскертүүдөн сабак алгыла да, аймактагы согушка чекит коюуну ойлогула», - деди Иран президенти.

Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп, Жакынкы Чыгыштагы өнөктөшү Сауд Арабиясынын мунай кендерине коюлган чабуулдан кийин, Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. Ал финансы министри Стивен Мнучинге Иранга карата санкцияларды «бир канча катаалдаштырууну» тапшырды.

Ушул эле күнү Сауд Арабиясы Перс булуңунда ары-бери каттаган кемелердин коопсуздугун камсыз кылган, АКШ баштаган коалицияга кошулганын жарыялады.

Йеменде төрт жылдан бери Иранга ыктаган хусит козголоңчулары өкмөткө жана Сауд Арабиясы баштаган коалицияга каршы согушуп келатат. 2015-жылы шиит агымынын бир бутагын карманган хуситтер өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн басып алып, президент Абд-Раббу Мансурду өлкөдөн качып кетүүгө мажбур кылган.

Жергиликтүү шиит жамааты жана «Иран колдойт» деп эсептелген хуситтер азыр өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы, ошондой эле Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турат.

Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары баштаган аскердик коалиция төрт жылдан бери эл аралык коомчулук тааныган өлкө лидери Абд-Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтириш үчүн бул чырга аралашып, абадан сокку уруп келет. Аларды айрым Батыш мамлекеттери жана АКШ да колдогон.

Йемендеги төрт жыл ичиндеги жарандык согушта он миңден ашык адам өлүп, 500 миңдей киши жер которууга аргасыз болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG