Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

HRW Египет бийлигин митингде камалгандарды бошотууга чакырды


Сисиге каршы нааразылык акциясына чыккандар. 20-сентябрь, 2019-жыл.
Сисиге каршы нааразылык акциясына чыккандар. 20-сентябрь, 2019-жыл.

Эл аралык укук коргоо уюму Египет бийликтерин жарандарын тынч акцияларга чыгуу укуктарын коргоо менен бир күн мурда баш калаа Каирде кармалган демонстранттарды бошотууга чакырды.

Жума кечинде жүздөгөн адамдар президент Абдел-Фаттах ас-Сисиге каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Өтө сейрек боло турган мындай демонстрациянын катышуучулары 2014-жылы аскердик төңкөрүш аркылуу бийликке келген президенттин кызматтан кетишин талап кылышты.

Сиси өлкө башына келгени оппозициянын миңдей өкүлү кармалып, көбү эркинен ажыратылган. Маалымат каражаттарына таянуу менен “Хьюман Райтс Вотч» уюмунун директорунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча өкүлү Майкл Пейж президенттин Коопсуздук кызматы тынч акцияларды таркатуу максатында күч колдонуп жатканын айтты.

Быйыл апрелде Египеттин Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин башкаруу мөөнөтү төрт жылдан алты жылга чейин узартылган. Ошону менен Сисиге 2024-жылга чейин өлкө башында отурууга жол ачылган. Андан соң ал экинчи мөөнөткө ат салыша алат.

XS
SM
MD
LG