Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Тыныбекова: Олимпиадада алтын алам деп сөз бергем


Айсулуу Тыныбекова. Нур-Султан, 19-сентябрь, 2019-жыл.
Айсулуу Тыныбекова. Нур-Султан, 19-сентябрь, 2019-жыл.

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков бүгүн Бишкекке учуп келишти.

Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов, экс-вице-мэр Айгүл Рыскулова жана Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты.

Тыныбекова "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, алдыдагы пландары тууралуу айтты.

«Мен элиме Олимпиадада алтын алам деп сөз бергем. Ошол убадамды аткарып, ушундай эле күжүрмөн даярдык көрөбүз. Эч кандай интервью бербей машыгам. Бишкекке келип ого бетер толкунданып жатам. Нур-Султандагы сезимдер таркай элек», - деди Тыныбекова.

Президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев Айсулуу Тыныбекова жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду куттуктады.

«Айсулуунун ийгилиги машыктыруучунун ийгилиги. Нурбек Изабеков биздин белгилүү машыктыруучу. Көп жылдык эмгектин арты менен келген ийгилиги менен машыктыруучуну да куттуктайбыз. Биз айткан мамлекеттик колдоодон тышкары Күрөш федерациясынын, анын ичинде Кыз-келиндер федерациясынын жетекчиси Динара Шертаевнанын (Исаева) да эмгегин баалаш керек».

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 26 жаштагы Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык 29 жаштагы Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.

Тыныбекова финалдык беттешке чейин 19-сентябрда төрт беттеш өткөргөн. Алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңди. 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө атаандашынын далысын килемге тийгизип, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңген. Жарым финалга чыгуу менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды.

Жарым финалда түндүк кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. (BTo/AiA)

XS
SM
MD
LG