Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:21

Бишкекте «Кыргызстан» партиясынын курултайы өтүп жатат


«Кыргызстан» партиясынын VI съезди.

Бишкекте бүгүн, 22-сентябрда «Кыргызстан» саясий партиясынын VI съезди өтүп жатат. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, курултайда партиянын лидеринин отчёту угулуп, лидерди шайлоо болот жана саясий кеңештин курамына өзгөртүү киргизүү маселеси каралат.

Партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов «Азаттыктын» кабарчысына партиянын төрагасы алмашпай турганын, учурдагы партия лидери менен эле шайлоого барышарын айтты.

Съездге 1175 делегат катышып жатат. Арасында парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары жана партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков да бар.

Учурда партияны Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев жетектесе, парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери - Алмазбек Баатырбеков.

Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Мунун алдында партиялар, саясатчылар кыйла жандана баштаганын талдоочулар белгилеп жатышат.

Кыргызстанда 2018-жылга карата 225 саясий партия Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн. (BTo/BCh)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG