Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:51

Чуулгандуу мушташтан кийин камалгандардын абактан алган жаракаты иликтенүүдө


Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт. 28-август, 2019-жыл.
Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт. 28-август, 2019-жыл.

Бишкекте эки кишини катуу сабады деген шек менен кармалып, №1 тергөө абагында жаткан Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков эмнеден улам жаракат алганы иликтенип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

-Биздин тергөөчүлөр алар эмнеден жаракат алганын, ким күнөөлүү экенин иликтеп жатышат. Анткени биз камакта жаткандардын бир жери сыйрылса эле көңүл бурабыз. Иликтөө амалдарынын жыйынтыгында ким күнөөлүү экенин билебиз, - деди Сабатарова.

19-сентябрда Бапышев менен Сейитбеков жаракат алып, Травмоталогия жана ортопедия илимий борборуна жеткирилген. Дарыгерлер алардын колунун эти чоюлуп калганын айтышкан. Шектүүлөр бир күн №47 колонияда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, 21-сентябрда кайра №1 тергөө абагына которулган.

Экөө тең жаракатына байланыштуу аны менен абакта чогуу отургандарга жана Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлерине доосу жок экенин билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан.

Айрым массалык маалымат каражаттары шектүүлөр №1 тергөө абагында катуу токмоктолгонун жазышууда.

28-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мушташта эки адам катуу сабалган. Аларды сабады делген Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков окуя болгон учурда кармалып, кайра коё берилген. Жабыркагандардын жакындары арыз жазган соң коомчулукта бул маселе чоң талкуу жаратып, кийин аларга издөө жарыяланган. 6-сентябрда изделип жаткан эки адам милицияга өздөрү келип, аларды Свердлов райондук соту эки айга камоо чечимин чыгарган. (BT0)

XS
SM
MD
LG