Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Исаев: шайлоодо берген убадалар толук аткарылган жок


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

«Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев партия шайлоодо берген убадаларын толук аткара албаганын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда партиянын VI съездинде билдирди. Исаев убадалардын аткарылбай калышын Жогорку Кеңеште «Кыргызстан» фракциясынын 18 гана депутат болгону менен байланыштырды.

Ал эми партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы төрөлгөн балдарга берилип жаткан сүйүнчү пул, трансформация болгон жерлер жана акыркы жылдары салынган социалдык объектилерди жетишкендик катары баалады.

«Кыргызстан» партиясы 2015-жылы элге калың убадаларды берген. Партия ар бир жаңы төрөлгөн балага 50 миң сом сүйүнчү пул берүүнү убада кылган.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү акча 2018-жылдын 1-январынан тартып бериле баштаган. Бирок анын суммасы 4 миң сомду түзөт.

Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Мунун алдында партиялар, саясатчылар кыйла жандана баштаганын талдоочулар белгилеп жатышат.

Учурда Жогорку Кеңеште КСДП, «Республика-Ата Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен» фракциялары бар. (BTo/BCh)

XS
SM
MD
LG