Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

“Кыргызстан” калың убадасын берүүдө


Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо он төрт партия таймашып жатат. Алардын катарында “Кыргызстан” партиясы да бар. Жогорку Кеңешке шайлоого биринчи жолу катышып жаткан бул партиянын программасы кандай?

“Кыргызстан” партиясын “клон”, КСДПнын жандоочусу деп саясий айдыңдагы оппоненттери сындап келет. Партиянын аталышына, туусундагы гербине кине койгондор да бар.

Эми партиянын «капчыгы» аталып келген, демек анын чыныгы лидерлеринин бири Шаршенбек Абдыкеримовдун “Партиялар көп - Кыргызстан бирөө” деген ураанды көтөрүүсү дагы сынга кабылышы ыктымал. Анткени мындай маанидеги ураанды “Партиялар көп - Ата Мекен бирөө” деп “Ата Мекен” партиясы көтөрүп жүрөт.

Бирок да мурунку министр, губернатор, депутат жана ишкерлерден куралган "Кыргызстан" партиясы каражат жагынан башка белдүү партиялардан калышпай келатат. Ал үгүт иштерин жүргүзүүдө республиканы толук камтуу жана аны медиа каражаттарда кеңири чагылдыруусунан эле байкалат.

2010-жылы түзүлгөн партиянын башында Чүй облусунун мурунку губернатору Канатбек Исаев турат. Шайлоо алдында партия “Жети кадам” аттуу программасын жарыялаган.

“Жети кадам” программасынын биринчи кадамы “Ыймандуу Кыргызстанды” куруу деп аталат. Анда байыркы жана диний каада-салттарды сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү керектиги белгиленген. Андан кийинки кадамда “Дени сак Кыргызстан” деп, ден соолукту сактоого көңүл бурулган. Андан ары билим, мыйзамдуулук, жигердүү ишкерлик, экологиялык таза продукция өндүрүү аркылуу бакубат Кыргызстанга жетүү убадасы белгиленген.

Мыйзамдуулук каралган пунктта уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, сот реформасын аягына чыгаруу негизги милдет катары көрсөтүлгөн. Партия ээлеген кызмат ордуна карабай ар бир жаран мыйзам алдында бирдей жоопкерчиликтүү болуш керек дейт.

Бул программа тезис түрүндө берилгендиктен ал максаттарга жетишүүнүн, программаны аткаруунун мөөнөтү, каражаттары көрсөтүлгөн эмес.

Бирок да “Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Канатбек Муратбеков программаны турмушка ашыруу жол-жобосу, эсеп-чоту такталган дейт:

- Программабызды же кадамдарыбызды жарыяларда биз ар бир пунктка каржы булактарын кайдан аларыбызды караганбыз. Биз эртеңки күнү эл алдында жооп беришибиз керек да. Ошого жообубуз бар. Мисалы, азыр ар бир жаңы төрөлгөн балага 50 миң сом деп атабыз. Жогорку Кеңешке келсек биз аны сунуштап чыгабыз. Кандай төлөнөт? 50 миң сомду жыл бою төлөмөй кылабыз, 12 айда төрт миң сомдон ашыгыраак төлөнөт.

Канатбек Муратбековдун эсеби боюнча, жыл сайын Кыргызстанда 150 миң бала төрөлсө, аларга бир жылда 50 миң сомдон төлөш үчүн 6 млрд. сом кетет. Ал үчүн Шаршенбек Абдыкеримовдун жыл сайын 2.5 млрд. сом салык төлөгөн “Аю холдинги” сыяктуу бир нече компания түзүш керек.

Саясат таануучу Эмил Жороев “Кыргызстан” партиясы шайлоо убагында гана чыга калган партия, ошондуктан анын терең ойлонулган жана эсептелген программасы жок деп эсептейт:

- “Кыргызстан” партиясын түзгөн адамдарды карап көргөндө, менимче алардын арасында коомдун баалуулуктарын, узак мөөнөттүк багытын ойлоп чыга ала турган адамдар жокко эсе экени байкалат. Биз буга чейин ал кишилер тууралуу баарын билип келгенбиз да. Партия көтөрүп чыккан чоң ураандар болсо шайлоого багытталып, шайлоочунун көзүнө эмне илинет деп, ошого жараша ойлонуп табылган.

Эмил Жороев бардык эле партияларда мына ушундай терең ойлонулбаган программалар бар дейт. Бирок кээ бир партиялар программаларын, ураандарын тереңирээк иштеп чыкканын Жороев белгиледи.

Жарандык коомдун өкүлү Качкын Булатов программалар кагаз бетинде гана кала берет деп сынга алат:

- Бүт баары убада берет. Бирок эч нерсе жасалбай жатпайбы. Программа жазылат, элге айтылат, анан кагаз бетинде кала берет. Мына Жогорку Кеңеште беш партия жүрдү. Эмне кылды? Эч нерсе кылышкан жок. Биз көрүп эле турабыз да, эмне үчүн мамлекет өнүккөн жок? Эмне үчүн мыйзамдуулук сакталган жок? Мына көз көрүнөө “Кумтөр”, “Кыргызалтын” сыяктуулардын баары өнүкпөй-өспөй эле, жең ичинен сатылып, жең ичинен кетип атпайбы.

Ошол эле учурда Качкын Булатов “Аю холдинг” жүргүзүп жаткан ишкерлик, аны менен миңдеген адамдардын жумуш менен камсыз болушу мыкты көрүнүш, бирок бай ишкерлердин бийликке умтулуусу суроолорду жаратканын айтат. Булатов АКШнын мисалында Билл Гейтс сыяктуу ишкерлер бийликке умтулбай эле өз ишин жүргүзүп жатканын, ал эми Кыргызстанда бийликке келген ишкерлер коррупцияга аралашып, мамлекеттин трагедиясына айланууда деген пикирин кошумчалады.

“Кыргызстан” партиясынын негизги урааны - “Башкалар убада беришет, биз аткарабыз!”. Бул ураандын тамыры “Аю холдинг” түзгөн жумуш орундар, аткарып жаткан долбоорлорго барарын баамдасак болот.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG