Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Шайлоо-2015: ураандар жана ураалар


КСДПнын көчөгө илинген жарнагы
КСДПнын көчөгө илинген жарнагы

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий башталды. Бардык жерде партиялардын ураандары, убадалары жайнап, жалпыга маалымдоо каражаттарынан жарнамалары байма-бай чыга баштады.

Демдүү башталган үгүт өнөктүгү бир айга созулмакчы.

Адатта шайлоо алдында кыргыз саясатчылары убадаларга, кооз ураандарга элди аябай марытат. Бул ирет да элдин ураан күткөн үмүтү эселенип акталчудай. Маселен, “Республика – Ата Журт” партиясы адегенде эле депутаттарга берилген артыкчылыктарды жана жеңилдиктерди, жолдо айдоочулардын пара алуу көрүнүшүн жоюп саларын айтып чыкты. Социал-демократтар болсо элдин “ишенимдүү тиреги” экенин жарнама аркылуу жар салууда. “Бир Бол” партиясы ар бирибиз ар башка экенибизге карабай, бир болорубузду убада кылууда. “Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” партиясы шайлоого барчу “жол узун, максат бир”, “Кыргызстан эмгек менен өркүндөй” турганын эске салып, көптүн көңүлүн алуунун көркөм сөздөрүн аянбай чачууда.

Саясат таануучу Эмил Жураевдин баамында, коомчулук ошол айткан убада, ураандын артында эмне жатканын талдап билиши керек:

"Эмгек" партиясынын жарнагы
"Эмгек" партиясынын жарнагы

- Шайлоодо убада менен чыгуу - бул демократиянын жол-жоболорунун бири десе болот. Шайлоодо ар бир партия добуш берүүчү эңсеген, күткөн суроолорго жооп берип, маселелерди чечүүнүн, алга жылуунун жолун сунуштайт. Шайлоочулар ар бир жарнаманын, үгүттүн негизинде айтылган убадалар канчалык деңгээлде ишке ашарын, аны айткан саясий партиянын таржымалын карап, өкүлдөрү канчалык ишеним жарата алат деп талдоосу керек. Айтылган кээ бир убадалар фантастикалык, балким аткарууга дээрлик мүмкүн эместир. Жок дегенде ошол айткан сөзүнүн теңин гана аткара алабы же жокпу деп чечим чыгарышыбыз керек.

Талдоочу Турат Акимов депутаттардын саясий жоопкерчилиги тууралуу сөз кылды. Убадалардын байма-бай берилишине жакшылап баам салып, кийин анын аткарылышына көңүл буруу керектигин эске салды:

- Бизде депутаттардын жоопкерчилиги мыйзам менен бекитилген эмес. Эгер эртең депутат бүгүн берген убадасын аткарбай койсо, аны эч ким чакырып алып, жоопко тарта албайт, мандатын алалбайт. Анан булар “партиялык мафия” болгондон кийин каалаган убаданы бере берет. Анын аткарылышын эч ким сурап албайт. Ошондуктан мунун баары куру сөз.

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жарнагы
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жарнагы

Мындай пикирге “Прогресс” коомдук корунун жетекчиси Адил Турдукулов да кошулат:

- Соңку беш жылда айрыкча бийликтеги партиялар берген убадаларын аткарбагыны анык болду. Анан ошол эле бийликтеги партиялар ошол эле ураандарды колдонуп жатканы саясий жоопкерчиликтин жок экенин көрсөтөт. Шайлоо компаниясында ураандар сөзсүз болушу керек деген принцип менен ураандарды алып чыгып, аны элге таратат. Эл чынында мындай сөздөргө ишене деле бербейт. Адатта партияда кимдер бар, ал кайсы аймактан, ошол аймактагы саясий салмагы канча деп карап добуш беришет.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов партиялардын убадаларга, ар кандай ураандарга эмес, программасына карап баа берип тандоо керектигин белгилейт:

- Кооз-кооз сүрөттөрдү көрүп, кооз-кооз сөздөрдү окуп жатабыз. Өздөрүн тааныштырганы да абдан жакшы. Бирок баарын жакшы талдап, таразалап, улуттук кызыкчылыгыбызды, келечегибизди ойлоп туруп, чечим кабыл алышыбыз керек. Кооз сүрөттөргө, кооз сүрөттөргө азгырылып алданбайлы. Ошол партиялардын буга чейин убадаларынын жообун талап кылып, эң негизгиси программаларынын негизинде добуш беришибиз керек.

Кыргызстандын эгемен тарыхында бир канча жолу парламенттик шайлоо өткөн. Анда саясатчылар түркүн убада берип, түрдүү ураандар жаңырган. Байкоочулардын баамында, эгер ошол айтылган убада-ураандардын жок дегенде теңи гана аткарылса, Кыргызстан эбак эле гүлдөп өнүккөн өлкөгө айланмак.

XS
SM
MD
LG