Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп кайра шайланды


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп кайрадан шайланды. Бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте партиянын VI съезди өтүп, анда партиянын саясий кеңеши төрагалыкка Исаевдин талапкерлигин көргөзгөнү белгилүү болду.

«Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жыл апрелде негизделип, аны ишкер Шаршенбек Абдыкеримов түзгөн. Ал бүгүнкү курултайда партиянын жетекчилигине партиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков менен Алмазбек Баатырбековдун да талапкерлигин сунуштаган. Аты аталган эки саясатчы лидерликке ат салышуудан баш тартышты.

Канатбек Исаев 2015-жылы парламенттик шайлоону утурлай, партиянын лидери болуп тандалган. Ошол кезде коомчулукта «Кыргызстан» КСДП партиясынын «клону» деген ойлор айтылган. «Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңеште 18 мандаты бар.

Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Мунун алдында партиялар, саясатчылар кыйла жандана баштаганын талдоочулар белгилеп жатышат.

Учурда Жогорку Кеңеште КСДП, «Республика-Ата Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен» фракциялары бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG