Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

23-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай 23-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 20…25;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Баткен жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2 суук, күндүз 10…15 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° болот.

XS
SM
MD
LG