Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын отуруму өтөт


Кой-Таш айылында болгон кырдаалды иликтеген комиссиянын отурумунан бир көрүнүш.
Кой-Таш айылында болгон кырдаалды иликтеген комиссиянын отурумунан бир көрүнүш.

Бүгүн, 23-сентябрда, Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги отуруму болот. Ага депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова кайрадан чакырылган. Мындан тышкары жыйында Аскердик прокуратуранын да маалыматы угулат.

Буга чейин Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова комиссиянын жыйынына чакырылып, бирок келишкен эмес. Мурунку жыйында ички иштер министринин орун басарлары Памирбек Асанов менен Алмазбек Орозалиев, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев маалымат беришкен.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер, эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

XS
SM
MD
LG