Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

25 жыл ичинде ыктыярдуу түрдө кан тапшыргандар кыйла азайды  


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл сайын сентябрдын акыркы жумасы Улуттук кан тапшыруу күнү катары белгиленет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

23-сентябрдан башталган акция 27-сентябрга чейин уланып, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын морфология корпусунда болот. Быйылкы акция «Баарыбызга коопсуз кан» деген ураан менен өтөт.

Дарыгерлер ыктыярдуу кан тапшыруу медицина тармагында стратегиялык маанилүү окуя экенин белгилешет. Анткени жарандардын кан тапшыруусу менен көптөгөн бейтаптардын өмүрүн сактап калууга болот.

25 жылдын ичинде ыктыярдуу кан тапшыруу кескин азайды. Анын себеби катары массалык маалымат каражаттарында кан тапшыруунун мааниси тууралуу аз чагылдыруу, жарандардын убактысынын жоктугу сыяктуу бир катар маселелер айтылат. Маселен, 1985-жылы кан тапшырган ыктыярчылар 178 миң 232 адамды түзсө, 2016-жылы 39 миң 426, 2017-жылы 37 миң 280, 2018-жылы 39 миң 864 адам болуп калды. (TSh)

XS
SM
MD
LG