Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:42

ЖЭБ соту: Текебаев менен Масалиевди чакыруу жөнүндө өтүнүч айтылды


Бишкек ЖЭБи.

Свердлов райондук сотунда Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук отурум уланууда. Айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевди сотко чакырууну өтүндү. Сатыбалдиевдин айтымында, Текебаев 2013-2014-жылдары ЖЭБди модернизациялоо жөнүндөгү келишимди ратификациялоо боюнча талкууларга жигердүү катышып жүргөн. Ал эми Масалиев 2018-жылы ЖЭБдеги авариядан кийин түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон.

Сот аты аталган саясатчылар электр борборун оңдоп-түзөө иштерине түздөн-түз тиешеси болгон эмес деп эсептеп, аларды чакыруунун кажети жок экенин белгиледи.

Өткөн аптада соттук отурум ушул иште айыпталып жаткан мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалидевдин ден соолугуна байланыштуу ушул күнгө жылдырылган.

Соттук отурумда ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу шек саналган мурдагы жетекчилердин жактоочулары чакырган күбөлөр суралып жатат.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган. (KE)

Пикирлерди көрүңүз (19)

XS
SM
MD
LG