Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:19

Жээнбеков: Шаардык ата-энелер балдары менен кыргызча баарлашпай калды


Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекетти, эгемендикти коргоо кандай зарыл болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл толгонуна байланыштуу Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада ушундай ойду баса белгиледи. Мамлекет башчы мамлекеттик тилди бекемдеп, өнүктүрүш үчүн жакынкы жылдары ишке ашырууга зарыл болгон милдеттерди санап өттү. Ошону менен катар кыргыз тилин илимдин, Интернеттин жана технологиянын тилине айландыруу мезгилдин талабы экенин эске салды.

- 30 жылдан бери кыргыз тили кыйла өнүктү, өстү, байыды. Бирок ойдогудай колдонулуп, өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил болуп, жашоо практикасына терең кире элек. Кылымдарды карыткан кыргыз тили «коомдо өзүнүн тарыхый ордун ээледи» деп айтууга эртелик кылат. Аны өлкөдөгү бардык улуттар үчүн орток тил кылыш үчүн аткара турган милдеттер арбын. Орус тилинин расмий тил катары макамы сакталат. Кыргыз тилин өнүктүрүү тилчилерден гана көз каранды эмес. Ачыгын айтканда, маселенин өзөгү - өзүбүздүн, кыргыздардын жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилесинде. Шаардык ата-энелер - балдарыбыз менен кыргыз тилинде баарлашып, аны үй-бүлөнүн күнүмдүк нормасына айланткан жокпуз. Балдарыбызга кыргыз адабиятын, кыргыз маданиятын, деги эле кыргыздын нарк-насилин сиңире албасак, аларга кантип кыргыздын тилин, рухун жеткиребиз?

Мамлекет башчы ата-энелерге кайрылып, баарыдан мурда үй-бүлөнүн ичиндеги баарлашууда колдонулган жөнөкөй эле тил маданиятын калыбына келтирүүгө чакырды.

Быйыл Кыргызстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө.

Коомчулукта кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошот деген мыйзам иш жүзүндө толук иштебей жатканы тууралуу көп сын айтылып келет. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (28)

XS
SM
MD
LG