Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Бишкектеги жол кырсыгында төрт киши жаракат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Калык Акиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан төрт киши жаракат алды. Бишкек шаардык жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, кырсык 21-сентябрдын кечинде катталган. Анда эки «Хонда Фит» автоунаасы кагылышкан. Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, машинелер айып токтотмого жеткирилди. Тергөө иштери уланууда.

Кийинки убакта адам өмүрүн алган жана катышуучулары оор жаракат алган жол кырсыктары көбөйүүдө. Жакында 9-сентябрда эл ташыган автобус менен каршы тилкеге катуу ылдамдык менен чыгып кеткен жеңил автоунаа кагылышып, беш киши каза болгон. Жеңил машиненин ичинде келатып кырсыктап, көз жумгандардын баарынын жаш курагы 17 жашта экени айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG