Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Путиндин көрүстөнгө чапталган сүрөтүнөн улам кылмыш иши козголду


Орус бийлик жетекчилеринин сүрөттөрү көрүстөндө эки сааттай илинип турган.
Орус бийлик жетекчилеринин сүрөттөрү көрүстөндө эки сааттай илинип турган.

Санкт-Петербург шаарында полиция Орусиянын президенти Владимир Путин жана премьер-министри Дмитрий Медведев баштаган бир топ аткаминердин сүрөтүнүн көрүстөнгө илинишине байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул факт боюнча «Агиторусия» кыймылынын үч мүчөсү кармалган, бирок кийинчерээк экөө коё берилди.

Полиция камакта калтырган активистти «өлгөн адамдын денесин жана ал жаткан жайды мазактаган» деп айыптап жатат. Эгер ал күнөөлүү деп табылса беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Орусиянын бийлик өкүлдөрүнүн сүрөттөрүн белгисиз адамдар 19-сентябрда, Смоленск лютерандык көрүстөнүнө чаптап кетишкен жана сүрөттөр эки сааттай илинип турган.

XS
SM
MD
LG