Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:52

Ооган аскерлеринин соккусунан 35 жайкын тургун ажал тапты


Ооганстанда өкмөттүк аскерлердин жаңылыш соккусунан өткөн аптада да ондогон адам кырылган.

Гилменд провинциясынын жетекчилери ооган аскерлеринин чабуулунан кеминде 35 адам өлүп, 10дон ашыгы жарадар болгонун билдирди.

Кандуу окуя 22-сентябрда түндө болду. Ооганстандын атайын даярдыктагы аскерлери «Талибан» кыймылы жанкечтилерди даярдайт деп шек саналган үйгө чабуул коюшкан. Провинциялык кеңештин өкүлү Аттаулла Афган билдиргендей, сокку бутага алынбаган жайларга да урулган.

- Күнөөсүз өлгөн адамдар сокку урулган жайдан анча алыс эмес жерде, Хаксар районунда үйлөнүү үлпөт тоюна катышып жаткан, - деди Афган.

АКШнын аскер өкүлдөрү бул чабуулда «Талибан» кыймылынын 22 жоочусу өлтүрүлгөнүн жана алардын арасында алты чет өлкөлүк жаран да болгонун кабарлаган.

Өткөн аптанын аягында ооган президенти Ашраф Гани согушкерлер менен кармаш жүрүп жаткан аймактарда жайкын тургундарын өмүрү кыйылган учурлардын алдын алууга убада берген. Ал 20-сентябрда Ооганстандын Жалал-Абад шаарындагы үгүт жыйынында сүйлөгөн сөзүндө жайкын тургундардын өлүмүнө себепчи болгон түнкү рейддерди токтотуш үчүн кошумча чара көрүлүп жатканын билдирген.

Анын алдында ооган армиясынын абадан жаңылыш урулган соккусунан улам Нангархар провинциясында 30 кишинин өмүрү кыйылган болчу.

Ооганстанда президенттик шайлоону утурлай жана АКШ тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү биротоло токтотуп койгондон кийин талибдердин чабуулу күчөдү.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG