Израилдин президенти Реувен Ривлин премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун «Ликуд» партиясы менен анын саясий атаандашы Бенни Ганцтын «Көк жана ак» партиясын биригип, башкаруучу коалиция түзүүгө чакырды. Ал эгер бул эки партия чогуу өкмөт курай турган болсо коалициялык көпчүлүк туруктуу болоорун айтты.
Израил президенти өкмөттү куроо мүмкүнчүлүгүн кимге ыйгарарын аныктоо максатында партия лидерлери менен сүйлөшүү өткөрүп жатат жана Ривлин мөөнөтүнөн мурда дагы бир шайлоо өткөрбөш үчүн болгон аракетин жумшай турганын белгиледи.
17-сентябрдагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо «Көк жана ак» 33, ал эми «Ликуд» партиясы 31 добуш алып, дагы «ит жыгылыш» болгон.
Кнессетте башкаруучу коалиция түзүү үчүн 61 депутаттык мандат керек.
Быйыл жазында өткөн жалпы шайлоодо да аталган эки партия эң көп добуш алганы менен башкаруучу коалицияга бириге алган эмес. Ошондон улам парламент ыдырап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.