Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Өзбекстанда «Баатыр эне» наамы кайра бериле баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын парламентинин Илим, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча комитети тиешелүү мекеме-уюмдарга «Баатыр эне» наамын ыйгарууга байланышкан маселелерди иликтеп, сунуштарды даярдап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу «Kun.uz» маалымат агенттиги кабарлады.

Мындай наам Советтер Союзунун тушунда Өзбекстанда 10 же андан ашык баласы бар аялдарга, эң кенжеси бир жашка толгондо жана уул-кыздарынын баары түгөл болгондо берилип келген жана аларга бир топ жеңилдиктер, мамлекеттен жардам каралган.

Өзбекстан эгемендик алгандан бери көп балалуу аялдарга «Баатыр эне» наамын бербей калган. Расмий маалымат боюнча, бул өлкөдө 1944-1991-жылдары жүз миңдей аял «Баатыр эне» болгон.

Кыргызстанда «Баатыр эне» наамын жети же андан ашык балалуу аялдар алат.

XS
SM
MD
LG