Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Набиев Атамбаевдин тарапташтарынын суралышы боюнча жооп берди


Кой-Таш.
Кой-Таш.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кезектеги отуруму болуп жатат. Анда аскер прокурору Нуркамал Набиев буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбевдин Башкы прокуратурага кайрылган тарапкерлеринин суракка чакырылышы боюнча суроого жооп берип, алардын укугу бузулбаганын айтты:

- Арызда «7-8-август күндөрү УКМКнын ИИМдин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер болгон» деп көрсөтүлүп жатат. Жазык-процесуалдык кодекстин алкагында арыз түшкөндөн кийин аны сотко чейинки өндүрүштүн алкагында карашка туура келет. Себеби сурак жүрүп, адамдар беттештирилип, тергөө амалдары болушу керек. Мыйзамда ушинтип көрсөтүлгөн. Арыз жазгандарды сурап, алардын жүйөсүн угасың. Ошонун негизинде кызматкерлер Воронцовкага барып, ким арыз жазган болсо аларды топтоп суракка алышкан. Бул жерде алардын укугу да, эч кандай мыйзам да бузулган жок. Тескерисинче биз алардын укугун камсыз кылып берип атабыз.

Нуркамал Набиевдин маалыматына караганда, ар бир киши 15 мүнөттөн гана суралууда. Ушуга чейин 49 киши суралып, көбү Башкы прокуратурага жазылган кайрылууга кол коюшпаганын, кээ бири анын мазмунун билбей эле кол коюшканын айтышканын билдирди.

Арашан айылынын он чакты тургуну бүгүн, 23-сентябрда айыл өкмөтүнүн алдына чогулуп, Аскер прокуратурасы 22-сентябрь дем алыш күнү болгонуна карабай аларды бир нече саат суракка алганын айтып, нааразылыгын билдирген. Суракка алынгандардын бири Айнагүл Сарманбетова алардан буга чейин Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн жамааттык кайрылуу боюнча маалымат талап кылынганын айткан.

Арашан айлынын тургундарынын айтымында, суракта кайрылууга кимдер кол койгонун тактап, тизмени ким түзгөнүн сурашкан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары муну аларга карата басым катары баалап жатышат.

9-сентябрда КСДПнын мүчөлөрү 1700 киши башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылышканын билдиришкен. Алар УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди, «Альфа» атайын түзүмүнүн жетекчилерин, ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиевди жоопко тартып, президент Сооронбай Жээнбековго «мамлекеттик кылмыш кылды» деген айып коюуну талап кылышкан.

Башкы көзөмөл органы 11-сентябрда Кой-Таш айылынын тургундарынын жамааттык кайрылуусу Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнүн, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында юридикалык баа берилерин билдирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG