Британияда жайгашкан, дүйнөдөгү эң байыркы деп эсептелген «Thomas Cook» туристтик фирмасы өз ишин токтотконун жарыялады. Ушул тапта анын 600 миңдей кардары ар кайсы мамлекеттерде эс алып жүрөт. Компания каржы кризисине кептелгенине көп болгон. Кийинки жылдары акционерлери менен бул маселени чечүүнүн жолдорун сүйлөшүп келгени менен оң натыйжа чыккан эмес.
Компаниянын башчысы Питер Фанкхаузер өкүнүчүн билдирип, кардарларынан кечирим сурады. Учурда эс алууда жүргөндөрдүн 150 миңге жакыны британ жарандары. Эми аларды Британиянын жарандык авиациясы мекенине алып келүүгө аракет кылат.
«Thomas Cook» компаниясы 1841-жылы негизделген. Сайтындагы маалыматка караганда ал жыл сайын 22 миллиондой туристти тейлечү.
Компания жабылганына байланыштуу 16 өлкөдө 20 миңдей адам жумушсуз калды.