Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Кой-Таш окуясы: ИИМ, УКМК жетекчилери күбө катары суралууда


7-8-август күндөрү, Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда чогулган жергиликтүү тургундар.
7-8-август күндөрү, Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда чогулган жергиликтүү тургундар.

Аскер прокурору Нуркамал Набиев 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылындагы үйүндө жүргөн жеринен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына катышкан күч органдарынын жетекчилерине, анын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасына, ички иштер министрине (ИИМ) юридикалык баа берилерин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын кезектеги жыйынында айтты.

- Укук короо органдарынын жетекчилерине сөзсүз юридикалык баа берилет. Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Комиссиянын мүчөсү Артур Медетбеков тергөө жүрүп жаткан эки иш боюнча кайсы күч органдарынын жетекчилери суралып жатканына кызыкты. Набиевдин айтымында, Кой-Ташта болгон окуяларга катышкан бардык күч органдарынын кызматкерлери, министрден баштап, УКМКнын төрагасына чейин күбө катары өтүп жатат.

Учурда өкмөттө Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйыны өтүп жатат. Бүгүн Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасы Кой-Таш окуясы жана ага байланыштуу козголгон кылмыш иштери боюнча комиссияга кеңири маалымат берип жатышат.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (BTo/KE)

XS
SM
MD
LG