Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Грэпплинг: кыргызстандык Муртазалиев дүйнө чемпиону болду (видео)


Абдурахманхажи Муртазалиев дүйнө чемпионатында сыйлык тапшыруу аземинде. 23-сентябрь, 2019-жыл. Нур-Султан, Казакстан.
Абдурахманхажи Муртазалиев дүйнө чемпионатында сыйлык тапшыруу аземинде. 23-сентябрь, 2019-жыл. Нур-Султан, Казакстан.

Кыргызстандык спортчу Абдурахманхажи Муртазалиев Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Муртазалиев бүгүн, 23-сентябрда грэпплингдин Gi түрүнөн 84 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, үч беттеш өткөрдү.

Алгач ал америкалыкты, андан соң жарым финалда италиялык спортчуну жеңип, финалга чыкты. Алтын байге үчүн таймашта польшалык Павел Недзини жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Грэпплинг. 84 кг. Финал. Абдурахманхажи Муртазалиев - Павел Недзи

Абдурахманхажи Муртазалиев 25 жашта. Жиу-житсунун не-ваза түрүнөн Азия чемпионатынын алтын (2017-жыл) жана күмүш байгесинин ээси (2016-жыл). Дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган (2017-жыл). Жабык имарат ичиндеги таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарынын чемпиону (2017-жыл). Азия оюндарында коло байге алган (2018-жыл).

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюму уюштурган грэпплинг боюнча дүйнө чемпионаты 22-сентябрда башталган. Таймаштар аталган спорттун Gi жана No-Gi түрүнөн эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп, жалпысынан 26 медаль топтому ойнотулду.

Кыргызстандын грэпплинг UWW федерациясынын президенти Тынчтык Сулаймановдун маалыматына караганда, бул дүйнө чемпионатынан Муртазалиевдин алтын байгесинен сырткары кыргыз спортчулары бир күмүш жана сегиз коло байгеге ээ болушту. Күмүш медалды грэпплингдин Gi түрүнөн 71 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Абдылдабек Кекенов тагынды. Коло байгелерди Gi түрүнөн Нурбек Исмаилов (100 кг), No-Gi түрүнөн Арген Кайдыбаев (62 кг), Токторбай Жусуп уулу (66 кг), Азамбек Шамшиев (77 кг), Достук Жолдошов (84 кг), Бексултан Өмүрзаков (92 кг), Нуржанат Бегматова (53 кг) жана Даяна Жакып кызы (71 кг) алды. Бул байгелер менен жалпы командалык эсепте Кыргызстандын улуттук курама командасы 2-орунга жайгашты. (ECh).

XS
SM
MD
LG