Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Жогорку сот Майып аялдар уюмунун башчысынын ишин карайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Майыптардын укугун коргогон жыйырма чакты өкмөттүк эмес уюм Майып аялдардын республикалык бирикмесинин жетекчиси Асипа Мусаеваны жактап коомчулукка кайрылды.

Кайрылууда Мусаева шылуундарга алданып, Бишкектеги батиринен айрылып жатканы, бул иш бүгүн 24-сентябрда Жогорку сотто каралары айтылат.

«Азаттык» Асипа Мусаеванын өзү менен байланышканда ал он жыл мурда күйөөсүнөн калган батирди сатыш үчүн тааныштарынын бирине аманат боюнча ишеним кат жазып бергенин, бирок алданып, учурда өзү көчөдө калганын, сотто шылуундарды жазалоо арызы каралып жатканын айтып берди:

- «Майып болсом кантип кагаздарды жүргүзмөк элем» деп ишенип жазып бергем. Бирок ал киши жардам берип эле жүрчү. Ошондой болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Ооруканадан келсем эшикке чыгарып салышыптыр. Жертөлөдө кийин иштетсем деген бир бөлмө бар болчу. Азыр айла жок ошол жердемин.

Мусаева шылуундар жасалма документ пайдаланганы анык болсо да соттор бул жагдайга көңүл бурбай келатканын, бүгүн Жогорку сотто акыркы чечим чыгарын айтууда.

Ошондой эле ал «Алдамчылык» беренеси менен дагы бир кылмыш ишин козготконун, териштирүү Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында жүрүп жатканын кошумчалады.

Асипа Мусаева 72 жашта. Ал 1-топтогу майып. Майып аялдар уюмун негиздеп, аларга социалдык колдоо көрсөтүү максатында бир катар долбоорлорду ишке ашырган.

Сот органдары азырынча кайрылууга комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG