Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:54

ИИМ: милиция кызматкери кылмышты жабыш үчүн 5000 доллар сураган


Иллюстрациялык сүрөт.

16-сентябрда Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына Бишкек шаарынын Т.С. атуу жараны Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүп, кылмышты жабыш үчүн 5 миң АКШ долларын сурап жатканы боюнча арыз менен кайрылган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул жарандын арызы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») менен катталган.

23-сентябрда Финансы полициясы менен милициянын чогуу жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде, Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнөн Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милициясынын үч кызматкери кармалган. Кармалгандарды тинтүү учурунда алардын жанынан 1000 доллар суммасындагы акча каражаты табылган. Ошондой эле шектүү милиция кызматкерлеринин биринин бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлүп, Т.С. атуу жарандын кылмыш иши токтотулганы аныкталган. Учурда кылмышка шектүү милиция кызматкерлери камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG