Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:55

Абжалиевдин баласы катышкан кырсык боюнча тергөө бир жуманын ичинде аяктайт


Кырсыкка учураган машинелер. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши ушул жуманын аягына чейин тергелип бүтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Ал тергөөчүлөр ишти калыс иликтеп жатышканын белгиледи. Буга чейин кырсыкта жабыркагандардын биринин жакындары «доосу жок» экенин билдирген тосмо арыз жазып берген.

Темирлан Токобеков - Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Ал катышкан жол кырсыгы 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон. «Lexus» жана BMW Х7 машинелери кагышып, «Lexus» автоунаасынын ичиндеги төрт киши тең ажал тапкан.

Милициянын маалыматына караганда, BMW Х7 Каракол тарапты көздөй баратып каршы тилкеге чыга калган «Lexus» менен кагышкан. Кийин BMW Х7 машинесинде Абжалиевдин уулу болгону белгилүү болгон.

Маркумдардын жакындары «Азаттык» радиосуна кайрылып, кылмышты жашыруу, видеолорду өчүрүү аракети көрүлүп жатканын айтып даттанышкан. Токобековдун жакындары бул маалыматтарды четке каккан. Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени маалым. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (26)

XS
SM
MD
LG