Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:58

Түркмөн президенти абактагы жүздөгөн адамга ырайым кылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкө эгемендигинин 28 жылдыгын утурлай түрмөдө отурган 868 адамга ырайым кылды. Бул тууралуу Мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады. Ага ылайык, тиешелүү органдарга абактан чыккандар майрамды үй-бүлөсү менен тоскудай болушу үчүн болгон документтердин баарын бүтүрүү тапшырылды.

Гурбангулы Бердымухамедов маал-маалы менен түрмөдө отургандарга мунапыс жарыялап, ырайым кылып турат. Акыркы жолу быйыл Нооруз майрамына карата буйрук чыгарган жана анда 2028 адам эркиндикке чыккан. Президент саясий негизде соттолгон бир да адамга ырайым кылган эмес.

2017-жылдагы маалымат боюнча, түркмөн түрмөлөрүндө 30 миңден ашык адам отурат жана бул өлкө абакта отурган адамдарынын саны боюнча алдыңкы мамлекеттердин катарына кирет.

Ашхабад өлкөнүн эгемендик күнүн быйыл 27-сентябрда белгилейт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG