Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:10

Шадиевдин кызынын арызы сотто канааттандырылган жок


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

17-сентябрда Бишкек шаардык сотунда С. Шадиева аттуу жарандын мүлк боюнча иши каралып, буга чейинки Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарылган чечим чыкты. Ошондой эле мүлктү камактан чыгаруу тууралуу доо арызды кароо токтотулган. Тактап айтканда Саадат Шадиеванын мүлкү камакта калды.

19-июлда Биринчи май райондук соту Саадат Шадиеванын Башкы проркуратурага жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке карата мүлкүн камактан чыгаруу боюнча доо арызын канааттандырган болчу. Кеп «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу жайы тууралуу болуп жатат. Маалыматка ылайык, Аскарбек Шадиев кылмыш иши козголоор алдында бул ишканадагы үлүшүн башкага өткөрүп берген.

VB.KG маалымат агенттиги Саадат Шадиева Аскарбек Шадиевдин кызы экенин жазып чыкты. Ал сайтта Шадиевдин кызы камакка коюлган мүлктү чыгарууга аракет кылып жатканын белгилеген.

2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган. Кийин анын мүлкүнүн тизмеси жарыяланып, жалпы суммасы 1 852 236 99 сомду түзөөрү кабарланган.

Аскарбек Шадиев парламентте депутат болгон жана биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.

Мындан тышкары, ага «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган. Шадиевге издөө жарыяланган. (KE/TSh)

XS
SM
MD
LG