Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Нетаньяху менен Ганц биригүү тууралуу сүйлөшүп жатат


Биньямин Нетаньяху менен Бенни Ганц.
Биньямин Нетаньяху менен Бенни Ганц.

Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен анын башкы саясий атаандашы Бенни Ганц коалициялык көпчүлүк түзүү максатында 23-сентябрда сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын өткөрдү. Азырынча тараптар мунасага келе элек. Буга чейин Ганц өкмөттү бирге түзүү тууралуу Нетаньяхунун сунушун четке каккан.

17-сентябрда өткөн мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо Ганцтын «Көк жана ак» партиясы 33, ал эми Нетаньяхунун «Ликуд» партиясы 31 добуш алып, дагы «ит жыгылыш» болгон.

Израилдин президенти Реувен Ривлин саясий атаандаштарды биригип, башкаруучу коалицияны бирге түзүүгө чакырган. «Эгер бул эки партия чогуу өкмөт курай турган болсо коалициялык көпчүлүк туруктуу болорун» айткан.

Кнессетте башкаруучу коалиция түзүү үчүн 61 депутаттык мандат керек.

Быйыл жазында өткөн жалпы шайлоодо да бул эки партия эң көп добуш алганы менен башкаруучу коалицияга бириге алган эмес. Ошондон улам парламент ыдырап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

«Израил - биздин үй» партиясынын лидери Авигдор Либермандын айтымында, бул саясий кырдаалдан чыгуунун жападан жалгыз жолу «эки партиянын лидерлери кезектешип премьер-министр болуу тууралуу макулдашуусу» болушу мүмкүн.

Израилдин тарыхында мындай учур катталган тажрыйба бар. 1980-жылдары Шимон Перес менен Ицхак Шамир ушундай ыкма менен өкмөт башчы болгон.

XS
SM
MD
LG